Кыргыз Республикасынын Президентинин№ 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгын жайылтуу максатында иш чара болуп өттү.

Бүгүн 2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде бардык кызматкерлердин катышуусунда , Кыргыз Республикасынын Президентинин
№ 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгын жайылтуу максатында иш чара болуп өттү.
Иш чара да Мамлекеттик баалулуктрады сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Б.Кожоев , кызматкелерге “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу презинтация көрсөттү. Презинтация да “Уңгу жолдун негизги багыттары бул — үй-бүлө, коом жана мамлекет. Мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка алуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандардыкалыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу болуп саналат”- деген өңдүү бир катар демилгелер айтылды. Бул жарлыктын мындан ары жайылышына жана аткарылышына бардык кызматкер дилгир экени байкалды.