Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!
Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!31-август — биздин тарыхыбыздагы эң улуу жана маанилүү күн. Бул күн ата-бабаларыбыздын эркиндиги үчүн кылымдар бою кылган күрөшүнүн, элдин ынтымагын, биримдигин жана татыктуу жашоого болгон умтулуусунун символу болуп эсептелет. Эгемендүүлүк бизге өлкөбүздү өзүбүз өнүктүрүү, бай маданиятыбызды жана салттарыбызды сактап, дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгүн берди. Бул жолдо ар бир жарандын салымы өзгөчө […]









