Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
31-август — биздин тарыхыбыздагы эң улуу жана маанилүү күн. Бул күн ата-бабаларыбыздын эркиндиги үчүн кылымдар бою кылган күрөшүнүн, элдин ынтымагын, биримдигин жана татыктуу жашоого болгон умтулуусунун символу болуп эсептелет.
Эгемендүүлүк бизге өлкөбүздү өзүбүз өнүктүрүү, бай маданиятыбызды жана салттарыбызды сактап, дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгүн берди. Бул жолдо ар бир жарандын салымы өзгөчө мааниге ээ.
Баалуу металлдар департаменти эмгеги менен мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүнө, экономикабыздын бекемделишине салым кошууга ар дайым даяр. Биз мекенибиздин келечеги үчүн биргеликте аракеттенүүгө, жаңы жетишкендиктерге жетүүгө ишенебиз.
Ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, ынтымак жана ырыскы каалайбыз!
Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Баалуу металлдар департаменти
