2024 – жылдын 30 сентябрь күнү Эл аралык «Манас» аэропортунда баалуу таштарды, баалуу металлдарды жана алардан жасалган зер буюмдарын импорттоо-экспортто учурунда мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча адистештирилген атайын пост ачылды.

          2024 – жылдын 30 сентябрь күнү Эл аралык «Манас» аэропортунда баалуу таштарды, баалуу металлдарды жана алардан жасалган зер буюмдарын импорттоо-экспортто учурунда мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча адистештирилген атайын пост ачылды. Бул кадам өлкөдө баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун олуттуу этабынын бири  болуп саналат. 

Адистештирилген атайын посттун ачылышы ишкерлерге ынгайлуу шарттарды  түзүп бермекчи, себеби алар бир эле жерде мамлекеттик жана бажы көзөмөлүнөн өтүшөт. 

 Атайын постто мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү үчүн төмөнкү процедуралар аткарылат:

   – тиешелүү документтер текшерилет;

   –  алып келинген жана алып чыгарылуучу буюмдардын курамында баалуу металлдардын жана асыл таштардын бар экендиги аныкталат;

   – зер буюмдарынын санын эсептеп , салмагын тартып, пробасын аныкталат жана мамлекеттик көзөмөл актысы даярдалат. 

Бул иш-чара ишкердик субъекттерине бажы кызматынынын жол-жоболоштуруу процессин ушул эле жерден улантууга мүмкүндүк берет.

Ошентип, атайын посттун ачылышы бардык керектүү процедураларды өткөрүүгө кеткен убакытты бир топ кыскартып, ишкерлерибиз үчүн ыңгайлуулукту жогорулатат.