Эгемендүүлүк күнүнө карата Баалуу металлдар департаментинин кызматкерлери сыйланды
2025-жылдын 31-августунда — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин бир катар кызматкерлери ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Сыйлыктар баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, финансы тармагындагы көп жылдык жемиштүү эмгеги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн ыйгарылды.
Бул сыйлоо департамент кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн, жоопкерчилигин жана мамлекеттин финансылык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын таануунун дагы бир далили болуп саналат.

















