Кыргыз Республикасынын Президентинин№ 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгын жайылтуу максатында иш чара болуп өттү.

Бүгүн 2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде бардык кызматкерлердин катышуусунда , Кыргыз Республикасынын Президентинин
№ 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгын жайылтуу максатында иш чара болуп өттү.
Иш чара да Мамлекеттик баалулуктрады сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Б.Кожоев , кызматкелерге “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу презинтация көрсөттү. Презинтация да “Уңгу жолдун негизги багыттары бул — үй-бүлө, коом жана мамлекет. Мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка алуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандардыкалыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу болуп саналат”- деген өңдүү бир катар демилгелер айтылды. Бул жарлыктын мындан ары жайылышына жана аткарылышына бардык кызматкер дилгир экени байкалды.




31-январь Кыргыз Республикасынын зергерлер күнү

«Урматтуу зергерчилик тармагындагы өкүлдөр!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Зергерлер күнү менен куттуктайм!
Республикабыздын өнүгүүсү үчүн зергерчилик тармагынын маанилүүлүгүн эске алып “Кыргыз Республикасынын Зергерлер күнү” кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы токтому менен бекитилген жана жыл сайын 31-январда белгиленип келет.
Зергердин оор жана ошол эле учурда асыл эмгеги сулуулук жана кооздук тартуулоо болуп саналат. Белгилей кетсек, зергерчилик өнөр жайынын өнүгүү жолу ар дайым татаал жолду басып, өнөр жай зергерчилик өндүрүшү Союз учурунда Кыргызстанда анча өнүккөн эмес, бирок салтты сактап, кийинки муундарга өткөрүп берген усталар ар дайым болгон.
Баалуу металлдар департаменти бул керемет өнөрдү сактоого жана өнүктүрүүгө өндүрүүчүлөрдүн кошкон салымын жогору баалайт,
Департаменттин атынан зергерчилик тармагынын бардык өкүлдөрүнө кесипке берилгендигиңиздер жана республиканын маданий мурасына жана финансы тармагына кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чыгармачылык ийгилик, мындан ары да оригиналдуу идеялардын жарала беришин каалайм!
Ушул майрам күнү тармактын жалпы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө бакубатчылык, чың ден соолук жана узун өмүр каалайм!

Сиздерди терең урматтоо менен Баалуу металлдар департаментинин директору Кадыракунов Алмаз Асанакунович




Кадыракунов Алмаз Асанакунович Кыргыз Республикасынын Финанасы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору болуп дайындалды.

Бүгүн, 10-январда Кыргыз Республикасынын Финанасы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору дайындалды. “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кадыракунов Алмаз Асанакунович Кыргыз Республикасынын Финанасы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору болуп дайындалды.




Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин Мамлекеттик баалуулуктарды сактоо бөлүмүнүн башчысы Исмаилова Эльмира Токтомеровна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин баалуу белеги- энчилүү сааты менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин Мамлекеттик баалуулуктарды сактоо бөлүмүнүн башчысы Исмаилова Эльмира Токтомеровна, Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык системасындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана финансы системасына өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин баалуу белеги- энчилүү сааты менен сыйланды.
Өз кезегинде биз кесиптешибизди маарекеси менен куттуктай кетмекчибиз,
Урматтуу Эльмира Токтомеровна сиздин кесипкөйлүгүңүз, аракетчилдигиңиз жана эмгекчилдигиңиз Сизди таланттуу жана дасыккан адис катары айырмалап турат. Сиздин энергияңыз, жигердүү турмуштук позицияңыз жана тажрыйбаңыз жыл сайын кесиптик жана турмуштук жолуңузда жаңы ийгиликтерди багындырууга өбөлгө болсун! Чын дилибизден бекем ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалайбыз!




2024-жылдын 12-ноябрынан 15-ноябрына чейин Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өткөн  пленардык отурумга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин  кызматкерлери катышышты.

2024-жылдын 12-ноябрынан 15-ноябрына чейин Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өткөн  пленардык отурумга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин  кызматкерлери катышышты.