QR-КОД АРКЫЛУУ ДЕПАРТАМЕНТТИН ИШИН БААЛАҢЫЗ!

By admin|29 сентября, 2025|Без рубрики|

image_pdfimage_print

Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин «Пикир» маалыматтык системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду.

Департаменттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ишмердүүлүгүн баалоо максатында атайын QR -коддор орнотулуп, иштеп баштады. Мекемеге келген ар бир жаран департаменттин ишин баалап, пикир калтыра алат.

Ал үчүн:

  • телефонуңуздун камерасын кире бериште же кабылдамаларда жайгашкан QR-кодго багыттап, «Түндүк» тиркемеси аркылуу сканерлеңиз;
  • шилтемеге кирип, кызмат көрсөтүүнүн сапатына баа бериңиз жана сунуш-пикириңизди калтырыңыз;
  • андан соң, сиздин пикириңиз автоматтык түрдө катталып, тиешелүү адистер тарабынан каралат;
  • зарыл болгон учурда чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгы сизге маалымдалат.
    Маалыматтар ишенимдүү корголот жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык иштетилет.