Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фондунан баалуу металлдарды сатып алуу укугуна ээ болгон ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөрдү кеңешмеге катышууга чакырат.
Күн тартибинде — Ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды сатуу тартибин ишке ашыруу маселелери.
Датасы: 2026-жылдын 18-июну Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш., Ч. Валиханов көч., 2
Катышууңузду 2026-жылдын 17-июнунда саат 18:00гө чейин 0555 512211 телефону аркылуу тастыктооңузду суранабыз. Сиздердин катышууңуздарга жана конструктивдүү диалогго кубанычта болобуз!

