2026-жылдын 25-июнунан 27-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору А.А. Кадыракунов баштаган делегация Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ала-Бука райондорунун тоо-кен казуучу ишканаларына жумушчу сапары менен барды. Сапардын алкагында Департаменттин өкүлдөрү алтын казуучу үч ишканада болуп, руданы казып алуудан баштап байытууга жана концентратты алууга чейинки өндүрүш процессин уюштуруу менен таанышты, карьерлерди жана өндүрүш кубаттуулуктарын карап чыгышты. Сапар таанышуу мүнөзүндө болуп, жер казынасын пайдалануучулар менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле тармактык ишканалардын жериндеги учурдагы ишмердүүлүгүн изилдөөгө багытталган. Аймакта өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө жумшалган инвестициялардын олуттуу көлөмү жана техникалык жабдуунун жогорку деңгээли белгиленди. Сапардын жыйынтыгы боюнча Департаменттин директору А.А. Кадыракунов тармактык ишканалар менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Департамент Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы катары баалуу металлдардын потенциалын бекемдөө кызыкчылыгында алтын казуучу ишканалар менен конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ишти уланта тургандыгын баса белгиледи.





























