
2026-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын Президентинин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ата мекендик өндүрүүчүгө — «Асылзат Зергерчилик Компаниясы» ЖЧКсына баалуу металлдарды сатууну ишке ашырды.
Мамлекеттик колдоо чараларына ылайык, ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фондунан чийки затка жөнөкөйлөштүрүлгөн жеткиликтүүлүк камсыз кылынган. Аффинаждалган алтын жана күмүш Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) фиксингинен 2 пайыз өлчөмүндөгү арзандатуу менен, кайра сатуу укугусуз чийки зат түрүндө жана өндүрүүчүлөр менен түзүлгөн түз келишимдердин негизинде берилет.
Көрсөтүлгөн шарттарда баалуу металлдарды берүү ата мекендик ишканалардын стратегиялык чийки затка атаандаштык шарттарда жетүүсүн камсыз кылат.
Бул механизмди ишке ашыруу зергерчилик тармагын туруктуу өнүктүрүүгө, өндүрүштүк потенциалды кеңейтүүгө, баалуу металлдарды ички кайра иштетүүнүн үлүшүн көбөйтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.
