2026-жылдын 18-майында Департаментте коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жана пландуу инструктаж өткөрүлдү.
Инструктаждын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупцияга каршы аракеттенүү, кызматтык этика, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө, мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүдө айкындуулукту сактоо, ошондой эле ишкердик субъекттери менен негизсиз байланыштарды болтурбоо жаатындагы мыйзамдардын негизги талаптары түшүндүрүлдү.



