«Коррупцияга каршы аракеттенүү» темасындагы сынактын жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын Мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Иш-чаралар планын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү» темасында сынак өткөрүлдү.

Сынактын максаты коррупциялык көрүнүштөргө карата коомдук чыдамсыздыкты жогорулатуу, коррупцияга каршы аң-сезимди калыптандыруу, ошондой эле чынчылдык, айкындуулук жана мыйзамдуулук принциптерин алга жылдырууга жарандарды тартуу болуп саналат.

Сынактын алкагында катышуучулар тарабынан коррупциянын коомго, мамлекетке жана ар бир жаранга тийгизген терс кесепеттерин ачып көрсөтүүгө багытталган чыгармачылык иштер сунушталды.

Көрсөтүлгөн материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча теманын актуалдуулугу, мазмундуулугу, оригиналдуулугу жана социалдык маанилүүлүгү менен айырмаланган эң мыкты иштер тандалып алынды.

Тандалып алынган чыгармачылык иштер Департаменттин маалыматтык-түшүндүрүү ишинде колдонулат жана коррупцияга каршы идеяларды мындан ары жайылтуу жана калктын укуктук маданиятын жогорулатуу максатында расмий маалыматтык ресурстарда жайгаштырылат.

Scroll to Top