Коррупцияга каршы аракеттенүү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти өз компетенциясынын чегинде коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле коррупцияга карата чыдамсыз мамилени калыптандыруу боюнча чараларды ишке ашырат.

Департаментте коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу максатында:

  • коррупциянын алдын алуу боюнча уюштуруучулук жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүлөт;
  • мүмкүн болуучу коррупциялык көрүнүштөр маселелери боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо камсыз кылынат;
  • коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча чаралар көрүлөт;
  • кызматтык тартипти жана кызматтык этика нормаларын сактоого контролдук жүзөгө ашырылат.

Жарандар жана юридикалык жактар коррупциялык көрүнүштөр, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап талап кылуу, кызыкчылыктардын кагылышы жана коррупцияга каршы мыйзамдарды башка бузуу фактылары жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча төмөнкү даректерге кайрылууга болот:

электрондук почтага: ddm.mf.kr@gmail.com жана b.temirbekov.ddm@minfin.kg

телефон аркылуу: (312) 63-22-26, (312) 63-22-35

Scroll to Top