Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фондун толуктоо үчүн жергиликтүү рыноктун катышуучуларынан баалуу металлдарды сатып алуунун башталышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фонду жөнүндө жобого жана Ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды сатуу тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фондун толуктоо үчүн баалуу металлдардын жүгүртүлүшү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттерден баалуу металлдарды сатып алууну баштады.

Сатып алуулардын башталышы баалуу металлдарды мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ошондой эле баалуу металлдардын ички рыногун өнүктүрүүгө багытталган.

Бул механизмди ишке ашыруу мамлекеттин баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырган субъекттер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга, ошондой эле өлкө ичинде баалуу металлдарды жүгүртүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик фондго баалуу металлдарды сатуу маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн кызыкдар субъекттер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине төмөнкү байланыш маалыматтары аркылуу кайрыла алышат:

Scroll to Top