Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде 2026-жылга коррупциянын алдын алуу боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде 2026-жылга коррупциянын алдын алуу боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти тарабынан 2026-жылга коррупциянын алдын алуу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган План коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга, Департаменттин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун жогорулатууга, кызматтык тартипти бекемдөөгө жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылууга багытталган.

Бүгүнкү күнгө карата Департамент тарабынан Планда каралган негизги биринчи кезектеги иш-чаралар аткарылды. Тактап айтканда, Пландын алгачкы 6 пункту аткарылып, Департаменттин учурдагы ишмердүүлүгүндө колдонулууда.

Жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы иштер

Департамент тарабынан туруктуу негизде коррупцияга каршы аракеттенүү, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүү тартиби темасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бул иштин алкагында кызматкерлерге төмөнкү маселелер түшүндүрүлөт:

  • коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө;
  • кызматтык тартипти сактоо;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо;
  • ыктымал кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө өз убагында кабарлоо;
  • коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүү тартиби;
  • коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик;
  • кызматтык милдеттерди ачык жана ак ниеттүүлүк менен аткаруунун зарылдыгы.

Ошондой эле коррупцияга карата чыдамсыз мамилени калыптандырууга, кызматкерлердин укуктук маданиятын жогорулатууга жана Департаменттин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Учурдагы абал

Планда каралган чейрек сайын өткөрүлүүчү иш-чаралар белгиленген мөөнөттөрдө аткарылууда. Коррупциянын алдын алуу боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлөт жана Департаменттин жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө турат.

Коррупцияга каршы аракеттенүүгө, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга, ишмердүүлүктүн айкындуулугун жогорулатууга жана кызматтык тартипти бекемдөөгө байланыштуу бардык иш-чаралар бекитилген Планга ылайык аткарылууда.

Аткаруу мөөнөтү кийинки мезгилге белгиленген иш-чаралар аткарылуу процессинде жана белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылат.

Scroll to Top