Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти банк секторунун жана ата мекендик алдыңкы зер буюмдарын өндүрүүчүлөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Тараптар тармакты колдоо чарасын практикада колдонууну — Мамлекеттик фонддон өндүрүүчүлөргө алтынды жана күмүштү 2% өлчөмүндөгү арзандатуу менен сатуу маселесин талкуулашты.





Жолугушуунун темасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 175 токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды сатуу тартибин практикада колдонуу болду.
Кеңешмени Баалуу металлдар департаментинин директору А.А. Кадыракунов ачып, зергерчилик тармагын мамлекеттик колдоонун стратегиялык маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, Мамлекеттик фонддон алтынды жана күмүштү 2% арзандатуу менен сатуу механизмин киргизүү — ата мекендик өндүрүштү стимулдаштыруунун болуп көрбөгөн чарасы.
Сатуу секторунун башчысы А. Омарали уулу Тартиптин техникалык аспектилерин, анын ичинде чийки затты алуу шарттарын жана төлөмдү 180 календардык күнгө чейин жылдыруу мүмкүнчүлүгүн кеңири түшүндүрүп берди.
Мамлекеттик көзөмөл секторунун башчысы Б. Темирбеков коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине токтолуп, Департаменттин ата мекендик өндүрүүчүлөр жана жеке ишкерлер менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өзгөчө көңүл бурду.
Кеңешмеге тармактын ири ишканаларынын — “Кыргыз зергер заводу Алтын”, “Кыргыз Зергер”, “Опал” жана башкалардын өкүлдөрү, ошондой эле көптөгөн жеке ишкерлер катышты. Катышуучулар талкууга жигердүү киришип, аталган Тартип менен иштөөдөгү техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу маселелерди көтөрүштү.
Кеңешменин маанилүү бөлүгү банк секторунун өкүлдөрүнүн сөз сүйлөөсү болду. “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАКтын, “КИКБ” ЖАКтын жана башка банктардын кызматкерлери төлөмдү жылдыруу менен чийки затты алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналган банктык кепилдиктерди берүү механизмдери жөнүндө суроолорго кеңири жооп беришти, ошондой эле банктар өндүрүүчүлөр менен кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.



Талкуунун жыйынтыгында ата мекендик өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды берүү Тартибин ишке ашыруунун процесстерин жана жол-жоболорун өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешменин катышуучулары тарабынан айтылган сунуштар жана эскертүүлөр эске алынды жана аны мындан ары өркүндөтүү боюнча иштердин алкагында каралат.









