Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде мекеменин ардактуу меймандары — Департаменттин ардагерлери менен жолугушуу болуп өттү. Анын жүрүшүндө алар ведомствонун ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Жолугушуунун алкагында Департаменттин учурдагы иши, алдыдагы пландары жана негизги максаттары жөнүндө кеңири маалымат берилди. Ардагерлер жүргүзүлүп жаткан ишти жогору баалап, анын өлкө экономикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилешти. Мындан тышкары, меймандар «Туран» ассоциациясынын көргөзмө залына барып, кыргыз зергерлеринин жана элдик кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери менен таанышышты. Иш-чарага С. Чокморов атындагы лицейдин окуучулары, «Туран» ассоциациясынын өкүлдөрү жана декоративдик-колдонмо өнөрүнүн чеберлери катышты. Ошондой эле ардагерлер баалуу таштарды кырлоо цехинин иши менен таанышып, Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фондун көрүп чыгышты.
Жолугушуунун аягында Департаменттин директору А.А. Кадыракунов ардагерлерге көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана мекеменин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип, алардын тажрыйбасы жана эмгеги бүгүнкү жетишкендиктердин бекем пайдубалы экенин белгиледи. Мындай жолугушуулар муундар байланышын чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана мекеменин тарыхына карата урмат-сыйды жогорулатууга өбөлгө түзөт.
