Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Мырзабекович Суйналиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине иш сапары менен барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрге Департамент тарабынан аткарылып жаткан иштер, келечектүү пландар жана негизги милдеттер жөнүндө маалымат берилди. Руслан Мырзабекович жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктү жогору баалап, анын өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле министр «Туран» ассоциациясынын көргөзмө үйүн кыдырып, ал жерде кыргыз зергерлеринин жана элдик кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери менен таанышты. Иш-чарага С. Чокморов атындагы лицейдин окуучулары, «Туран» ассоциациясынын өкүлдөрү жана элдик чеберлер катышты.
Мындан тышкары, министр баалуу таштарды кырлоо цехинин иши менен таанышып, Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фондун көрүп чыкты.
