2026-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору А.А. Кадыракунов Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын жолугушуусунун алкагында Өзбекстан Республикасынын делегациясынын башчысы — Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Абидхаджаев Умид Кутпитдинович, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы А. Йулдошов менен жолугушту.
