Шлих алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу
Уруксат алуу үчүн арыз ээси кошумча берүүчү документтердин тизмеси жана сатып алууну жүзөгө ашырууда сакталууга тийиш болгон талаптар.
Документтердин негизги топтомуна кошумча түрдө арыз ээси тарабынан берилет.
- 1 Атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк Документтин көчүрмөсү.
- 2 Салык карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат
- 3 Жайларга карата документтер Жарыяланган ишти аткаруу үчүн зарыл болгон жайларга менчик укугун же ээлик кылуунун башка мыйзамдуу негизин тастыктаган документтер.
- 4 Өлчөө каражаттарын текшерүү жөнүндө күбөлүктөр Документтердин көчүрмөлөрү.
- 5 Шлих алтынды жана алтын камтыган концентратты кабыл алуу, сатуу эсебинин журналы Журнал номерленген, көктөлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды жана баалуу таштарды, алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган болушу керек.
- 6 Өкүлдүн ыйгарым укуктары жөнүндө документтер Юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим, протокол же арыз, ошондой эле жеткирүүчүнүн кызыкчылыктарын коргоого ишеним кат.
Ишти жүзөгө ашыруунун бүткүл мезгилинде сакталат.
Так эсепке алуу
Шлих алтындын жана алтын камтыган концентраттын келип түшүшүн, ошондой эле алар менен жүргүзүлгөн операцияларды так эсепке алууну жүргүзүү.
Аффинаж жана сатуу
Алтын камтыган концентраттын аффинажын тиешелүү ишканаларда жүргүзүү жана аны даяр продукция түрүндө ички рынокто сатуу.
Калдыктарды түгөлдөө
Шлих алтындын жана алтын камтыган концентраттын калдыктарын белгиленген мөөнөттөрдө түгөлдөөнү жүргүзүү.
Кварталдык отчеттуулук
Шлих алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу жана сатуу жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал бекиткен форма боюнча берүү.
Алтын кабыл алуучу кассалар
Жеке кен казуучулардан шлих алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу үчүн юридикалык жактар тарабынан алтын кабыл алуучу кассалар уюштурулат.
Кварталдык отчетту берүү мөөнөтү
Отчет ар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин берилет.
