Үзүрлүү кызматташуусу жана тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлык тапшыруу

Нооруз элдик майрамынын алдында, өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана «Кыргызалтын» ААКна пайда алып келген үзүрлүү иши үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин Мамлекеттик баалуу металлдар жана баалуу таштар фонду бөлүмүнүн башчысы Бекназарова Гүлзат Адылжановна «Кыргызалтын» ААКнын «Кызматташтык үчүн» медалы менен сыйланды.

Бул сыйлык баалуу металлдар чөйрөсүндөгү көп жылдык жаратман эмгеги, мамлекеттик органдар менен өндүрүш секторунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле ата мекендик баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө багытталган иштерге активдүү катышкандыгы үчүн ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө Гүлзат Адылжановнанын жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана ишинин жогорку натыйжалуулугу өзгөчө белгиленип, ошондой эле анын кесиптик ишине мындан аркы ийгиликтерди каалоолор айтылды.

Scroll to Top