Өзбекстандын делегациясынын визитинин алкагында Ч. Айтматовдун үй-музейине баруу болду.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Финансы министрлеринин жана Борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын жолугушуусуна арналган иш-чаралардын алкагында, Департаменттин директору Кадыракунов Алмаз Асанакунович Өзбекстан Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү менен биргеликте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты.

Өзбекстандын делегациясынын курамына Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Абидхаджаев Умид Кутпитдинович жана Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы А. Йулдошев кирди.

Иш сапардын жүрүшүндө меймандар дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө жана Борбордук Азия элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү жазуучунун уникалдуу экспонаттары, өздүк буюмдары жана чыгармачыл мурасы менен таанышышты. Музейге баруу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын жана ынак коңшулук мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Scroll to Top