Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин Мамлекеттик баалуулуктарды сактоо бөлүмүнүн башчысы Исмаилова Эльмира Токтомеровна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин баалуу белеги- энчилүү сааты менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин Мамлекеттик баалуулуктарды сактоо бөлүмүнүн башчысы Исмаилова Эльмира Токтомеровна, Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык системасындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана финансы системасына өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин баалуу белеги- энчилүү сааты менен сыйланды.
Өз кезегинде биз кесиптешибизди маарекеси менен куттуктай кетмекчибиз,
Урматтуу Эльмира Токтомеровна сиздин кесипкөйлүгүңүз, аракетчилдигиңиз жана эмгекчилдигиңиз Сизди таланттуу жана дасыккан адис катары айырмалап турат. Сиздин энергияңыз, жигердүү турмуштук позицияңыз жана тажрыйбаңыз жыл сайын кесиптик жана турмуштук жолуңузда жаңы ийгиликтерди багындырууга өбөлгө болсун! Чын дилибизден бекем ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалайбыз!