2026-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Департаменттин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, аны менен үзүрлүү кызматташып келе жаткан ишкерлер, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү жана Департаменттин эмгек жамааты катышты. Ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөндөргө сыйлыктар тапшырылды.
Департаменттин директору Алмаз Асанакунович Кадыракунов келген конокторго ыраазычылык билдирип, аларды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.«Эгемендүүлүк — ар бир элдин эң улуу дөөлөтү, мамлекеттин эркиндигинин, элибиздин биримдигинин жана келечекке болгон ишениминин символу. Бул ыйык күн ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө мааниге ээ», — деп белгиледи директор.
Ал ошондой эле көз карандысыз мамлекетти чыңдоо жана өнүктүрүү жалпы жоопкерчиликтүү милдет экендигин белгилеп, мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана өнөктөштөрдүн бул багыттагы биргелешкен салымын жогору баалады.«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрүнө жана Баалуу металлдар департаменти менен тыгыз кызматташып келе жаткан өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирем. Мамлекеттин экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга, мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого жана өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган эмгегиңиздер өзгөчө баалуу», — деп кошумчалады ал.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № ПЖ 369 Жарлыгынын негизинде ишке ашырылып жаткан «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» демилгесинин алкагында Эсепке алуу жана экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси Бакытбек Кутбидинович Кожоев «Эгемендүүлүк жана кыргыз жери» темасында презентация жасады.
Иш-чаранын уландысы катары Департаменттин директорунун демилгеси менен эмгек жамааты «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун музейине барып келди. Сапардын негизги максаты — кызматкерлерди өлкөнүн тарыхы, эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн инсандардын өмүр жолу жана улуттук маданий мурастар менен жакындан тааныштыруу болду.
Эгемендүү Кыргызстандын туусу ар дайым бийик желбиреп, мамлекетибиз тынчтыкта, ынтымакта жана бакубатчылыкта өнүгө берсин!















