Жаңылык

Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар-жолугушуу өткөрүлдү

2026-жылдын 25-сентябры
Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар-жолугушуу
Коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик кызматта этикалык нормаларды сактоо маселелери боюнча жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде коррупцияга каршы күрөшүү, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана мамлекеттик кызматта этикалык нормаларды сактоо маселелерине арналган жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Башкы башкармалыгынын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен уюштурулуп, ага Департаменттин жалпы эмгек жамааты катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Департаменттин ишмердигинин негизги багыттары, анын ичинде атайын каттоо, уруксат берүүчү жана башка административдик жол-жоболор, мамлекеттик көзөмөл, кадрдык иштер жана мамлекеттик сатып алуулар процесстериндеги мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелери талкууланды.

⚖️
Административдик жол-жоболор

Атайын каттоо, уруксат берүүчү жана башка жол-жоболор, мамлекеттик көзөмөл.

📋
Кадрлар жана мамсатып алуулар

Кадрдык иштерде жана мамлекеттик сатып алууларда коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу.

🛡
Билдирүүчүлөрдү коргоо

Коррупциялык фактылар тууралуу маалымат берген кызматкерлердин купуялуулугу жана коопсуздугу.

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 537 токтому

Башкы прокуратуранын өкүлү катышуучуларды жаңы кабыл алынган «Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө мамлекеттик кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар тарабынан билдирүү тартибин бекитүү тууралуу» токтом менен тааныштырып, анын талаптарын так сактоону эскертти.

Бул токтом коррупциялык сунуштардан дароо баш тартып, ал тууралуу 24 сааттын ичинде жетекчиликке, прокуратура же укук коргоо органдарына милдеттүү түрдө билдирүү тартибин бекитет. Аталган эрежелер коррупциянын алдын алууга, маалымат берген кызматкерлердин купуялуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик деңгээлде коргоого багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында

Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу, мыйзам талаптарын так аткаруу, мамлекеттик кызматкерлердин укуктук жана антикоррупциялык маданиятын жогорулатуу боюнча бир катар сунуштар берилди. Департаменттин жетекчилиги жана жамааты коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик кызматтын ачык-айкындыгын камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да жигердүү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Scroll to Top