Атайын эсепке туруу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди беришет.

Арыз онлайн берилет

Арыз БМД АМС порталы аркылуу берилет.

Порталга өтүү →

Документтердин тизмеси

  1. Арыз

    БМД АМС онлайн порталы аркылуу берилет.

  2. Атайын эсепке туруу картасы

    Белгиленген формада толтурулган.

  3. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк

    Юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

    Чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары, алардын аккредиттелген өкүлчүлүктөрү жана чет өлкөлүк инвестициялары бар уюмдар Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсүн беришет.

  4. Инсандыгын тастыктаган документ

    Көчүрмөсү.

  5. Салык органдарында каттоо

    Арыз ээсинин каттоо жери боюнча салык органдарында катталгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү.

  6. Уюштуруу документтери юридикалык жактар үчүн гана
    • юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечим;
    • юридикалык жактын уставы;
    • уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрү (лицензия — эгерде бул иштин түрү лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланса);
    • юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар.
  7. Жайга карата документ

    Баалуу металлдар жана баалуу таштар менен операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон жайларга менчик укугун же башка мыйзамдуу ээлик кылуу негизин тастыктаган документтин көчүрмөсү — менчик, оперативдүү башкаруу, ижара же субижара укугунда.

  8. Соттуулугу жөнүндө маалымкат жеке ишкерлер үчүн гана

    Адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта берилет.

 

Scroll to Top