Кадрлар кызматы Вакансиялар жана конкурстар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти. Толук маалыматты ачуу үчүн вакансиянын үстүнөн басыңыз. Бардык конкурстар боюнча арыздар «е-Kyzmat» мамлекеттик порталы аркылуу кабыл алынат.

Кабыл алуу ачык Жаңы Кадрлар резерви Административдик кызмат орундарынын улук топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс 🗓 Кабыл алуу: 2026-жылдын 16–26-сентябры 🎓 Экономика / гуманитардык илимдер ⏱ Стажы 1 жылдан

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштешинин тартиби жөнүндө жобого ылайык, административдик кызмат орундарынын улук топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар
Кесиптик билим деңгээли

«Экономика» жана «Гуманитардык илимдер» багыттары боюнча жогорку билим.

Стажы жана иш тажрыйбасы

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы кеминде 1 (бир) жыл, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы кеминде 3 (үч) жыл болушу керек.

Жалпы мыйзамдарды билүүсү
  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  4. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө» Мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген.
Тармактык мыйзамдарды билүүсү
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 700 «Баалуу металлдарды „Кыргыз фондулук биржасы“ жабык акционердик коомунун аянтчасында сатуу жөнүндө» токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагынан баалуу металлдарды жана кошо алынуучу өндүрүлүүчү металлдарды камтыган рудаларды, концентраттарды жана калдыктарды алып чыгуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү тартиби;
  • Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына баалуу металлдарды жана курамында баалуу металлдар бар сырьёлук товарларды алып кирүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып чыгуу жөнүндө жобо;
  • Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына асыл таштарды алып кирүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып чыгуу жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 «Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө» токтому.
Билүүсү жана жөндөмү
  • жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • ички документтерди даярдоо;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жүргүзүү жана ишкердик кат алышуу;
  • өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Көндүмдөрү
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
  • маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • өз оюн так жана түшүнүктүү баяндоо, иштиктүү мамилелерди түзүү;
  • ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү.
Конкурска катышуу үчүн документтер

Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө) тиркелет:

  • жогорку кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документ (негизги жана кошумча билими — болгон учурда), тиркемелери менен;
  • эмгек китепчеси, анын тиркемелери менен;
  • илимий даражасы же илимий наамы жөнүндө документ (болгон учурда);
  • квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (болгон учурда).

Ачык конкурска документтери жана байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтасынын дареги) туура жана так көрсөтүлгөн талапкерлер чакырылат. Документтердин толук топтомун тапшырбаган же белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катышууга жол берилбейт. Экзамен тапшырууга жиберилген талапкерлерге экзамендин өткөрүлө турган орду жана убактысы жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү

2026-жылдын 16-сентябрынан 26-сентябрына чейин (кошуп эсептегенде), саат 09:00дөн 17:00гө чейин. Түшкү тыныгуу: 12:30дан 13:30га чейин.

Кабыл алуу ачык Ваканттык кызмат орду Маалыматтык технологиялар боюнча адис 🗓 Кабыл алуу: 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин 🎓 МТ / маалыматтык системалар / компьютердик илимдер ⏱ Стажы 1 жылдан

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти маалыматтык технологиялар боюнча адистин ваканттык кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар
Кесиптик билим деңгээли

Маалыматтык технологиялар, маалыматтык системалар, компьютердик илимдер, программалык инженерия же ага жакын багыттар боюнча жогорку кесиптик билим.

Иш стажы

Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кеминде 1 жыл иш стажы. Мамлекеттик органдарда иштеген тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Кесиптик билими жана көндүмдөрү

Талапкер төмөнкү тармактарда билимге жана көндүмдөргө ээ болушу керек:

  • жергиликтүү тармактарды администрациялоо, тармактык жабдууларды тууралоо жана МТ-инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо;
  • компьютердик техниканы, оргтехниканы жана программалык камсыздоону орнотуу, тууралоо жана тейлөө;
  • маалыматтык коопсуздукту жана маалыматтарды коргоону камсыздоо;
  • электрондук документ жүгүртүү системалары жана мамлекеттик маалыматтык системалар менен иштөө;
  • Департаменттин расмий сайтын коштоо жана техникалык колдоо;
  • маалыматташтыруу жана маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүү;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Кызматтык милдеттери
  • Департаменттин компьютердик техникасынын, сервердик жана тармактык жабдууларынын иштешин камсыздоо;
  • кызматкерлерге программалык камсыздоо жана жабдуулар боюнча техникалык колдоо көрсөтүү;
  • Департаменттин расмий сайтын администрациялоо жана коштоо;
  • маалыматтык коопсуздукту жана маалыматтардын камдык көчүрмөсүн камсыздоо;
  • электрондук документ жүгүртүү системаларын тууралоо жана колдоо;
  • мамлекеттик маалыматтык системалар жана порталдар менен өз ара аракеттенүү;
  • компьютердик жана оргтехниканы эсепке алуу жана тейлөө;
  • Департаменттин жетекчилигинин тапшырмаларын компетенциясынын чегинде аткаруу.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү

Арыздар 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин кабыл алынат.

«е-Kyzmat» порталы аркылуу арыз берүү

Департаменттин бардык конкурстары боюнча документтерди кабыл алуу «е-Kyzmat» мамлекеттик порталы аркылуу жүргүзүлөт. Порталда каттоодон өтүп, жеке кабинет аркылуу электрондук форматта арыз берүү жана сканерленген документтерди тиркөө зарыл.

«е-Kyzmat» порталына өтүү →
Онлайн арыз бере албай жатасызбы?

Порталда каттоодон өтүүдө кыйынчылык туулса же конкурстар боюнча суроолоруңуз болсо — бизге кайрылыңыз:

📞 (312) 63-22-41 📍 Бишкек ш., Чокан Валиханов көчөсү, 2 («Аю-Гранд» СБ)

 

Scroll to Top