By Admin|15 апреля, 2024|Жаңылыктар|

image_pdfimage_print
 Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүүдө

Тема: «БАТКЕН ОБЛУСУНУН ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКАЛЫК СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫГЫ»

	Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата өлкөнүн жети дубанында  “Конференциялар кербени” аттуу масштабдуу иш-чаралар өтүүдө.
Алгач Финансы министрлигинин “Конференциялар кербени” Баткен облусунан старт алды.
Конференцияда Баткен облусунун каржы-экономикалык тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде учурдагы көйгөйлөр, келечек жана өсүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.
Жыйынды ачып жатып, КР Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Баткен облусунда акыркы жылдары салык, каржылык көзөмөл жана акча жүгүртүүнү жөнгө салуу жаатында көптөгөн маанилүү кадамдар жасалганын баса белгиледи.
Ошондой эле иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. Мадаяров сөз сүйлөп, жыйындын катышуучуларын келе жаткан Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, облустун өнүгүүсүндөгү чоң жетишкендиктерди белгиледи. 	“Акыркы жылдары Баткен облусунда салык, каржылык көзөмөл жана акча жүгүртүүнү жөнгө салуу багытында көптөгөн маанилүү кадамдар жасалды. Баткен облусу тышкы инвесторлор жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу каржылык жактан туруктуу аймакка айланды. Финансы министрлигинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлерине ушул жылдар бою берилгендиги, кесипкөйлүгү жана күжүрмөн эмгеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем”, - деди Т.Мадаяров.
КР финансы министринин орун басары Р.Татиков өлкөнүн финансы тармагындагы жетишкендиктерин белгилеп: “2023-жылы региондорду өнүктүрүү фонддоруна 2,4 млрд. сом каржыланган, анын ичинен Баткен облусуна 274,5 млн. сом болунуп берилген. Ал эми Баткен облусуна бюджеттер аралык трансферттер аркылуу 2022-жылы 450 млн сом, 2023-жылы 521,0 млн сом каржыланды.
Баткен облусунун онуктуруу программасына 2022-жылдан баштап жыл сайын 500 млн.сом каралып келүүдө.  
Капиталдык салымдар беренеси аркылуу республикалык бюджеттен Баткен облусуна акыркы 3 жылдын ичинде 768 объектке 6 млрд сомдон ашык каржыланган, жана бугунку кунго узак убактан бери курулуш иштери жургузулуп жаткан объектери Баткен облусу боюнча жок экендигин белгилейм.   
Баткен облусуна республикалык бюджеттен “дем беруучу гранттар” беренеси  аркылуу : 
2020-жылы- 39,6 млн.сом каржыланса, ал эми 2024-жылга 107,9 млн.сом каралды же болбосо 3 эсе кобойду.
Финансы министрлиги тарабынан чакан жана орто бизнести колдоо максатында Баткен облусу боюнча 909 ишкерлерге 678,4 млн.сом пайызсыз насыя берилди.
Мындан сырткары мамалекеттик инвестициялардын алкагында Баткен регионун онуктуруу долбоору боюнча азыркы кундо Дуйнолук банк тарабынан 50,0 млн АКШ доллары болунгон, ушул долбоордун алкагында 15 социалдык объектилери курулду. 
Ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан 41 млн АКШ долларына суу тутукчолорун ондоо иштери уланууда, тактап айтканда Раззаков, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларында. 
Андан башка Финансы министирлиги тарабынан “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча 2022 жана 2023 жылдарга 980 ишкердик субъеттерине 834,6 млн. сом суммасына каржылоо насыялар берилген”,-деди.
Мындан тышкары шаарлардын мэрлери сөз сүйлөп, анда шаардык инфраструктуранын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.
Конференциянын катышуучулары туруктуу мамлекеттик финансы потенциалын жана Баткен облусунун финансы системасын өнүктүрүү перспективаларын талкуулап, каржылык-экономикалык саясаттын катышуучуларынын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бюджеттин киреше бөлүгүн эффективдүү өстүрүүнүн механизмдерин сунуштай алышты. ошондой эле аймактагы финансылык туруктуулукту жана экономикалык өнүгүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты.
Иш-чараны жыйынтыктоочу сөзүндө КР финансы министринин орун басары Р.Татиков конференциянын бардык катышуучуларына ийгилик каалап “Конференция кербени” символун тапшырды. Кийинки иш-чара Ош облусунда улантылат.
Белгилей кетсек, Эл аралык илимий-практикалык конференциянын резолюциясы 28-майда Бишкекте жыйынтыкталып, кабыл алынат.