Департамент мамлекеттик фондду толуктоо үчүн баалуу металлдарды сатып алууга киришти
Сатып алуулардын башталышы баалуу металлдарды мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ошондой эле баалуу металлдардын ички рыногун өнүктүрүүгө багытталган.
Бул механизмди ишке ашыруу мамлекеттин баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзгөн субъекттер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыздоого, ошондой эле өлкөнүн ичинде баалуу металлдардын жүгүртүлүшү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду үчүн жүгүртүү субъекттеринен баалуу металлдарды сатып алуу.
Белгиленген тартипте ата мекендик зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө металлдарды сатуу.
Өлкөнүн ичинде баалуу металлдардын жүгүртүлүшү үчүн кошумча шарттар.
Баалуу металлдарды Мамлекеттик фондго сатуу маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине кайрылыңыз:
