Кыргыз Республикасынын делегациясы Кытайдын баалуу металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү тажрыйбасы менен таанышты
Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору Алмаз Кадыракунов жана баалуу металлдарды сатуу секторунун башчысы Азамат Өмарали уулу кирди.
Сапардын жүрүшүндө делегация Сиань, Линбао жана Пекин шаарларындагы өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышты. Ошондой эле Lingbao Gold Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуулар болуп, алардын алкагында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү топтун курамына кирген ишканаларга жана өндүрүштүк объекттерге барышты. Алардын арасында — зергер буюмдарынын дүкөнү, металлургия заводу жана алтын казып алуу өнөр жайынын индустриялык паркы.
Мындан тышкары, делегация «Тунбогу» жез өнөр жай паркына барып, өнөр жай комплексинин иши жана өндүрүштүк процесстерди уюштуруунун өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
Зергер буюмдарынын дүкөнү, металлургия заводу жана алтын казып алуу өнөр жайынын индустриялык паркы.
Жез өнөр жай комплекси жана өндүрүштүк процесстерди уюштуруунун өзгөчөлүктөрү.
КЭРдин үч шаарындагы өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышуу.
Сапардын негизги максаты Кытай Эл Республикасынын баалуу жана түстүү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү, металлургиялык өндүрүштү уюштуруу жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү тажрыйбасын изилдөө болду. Ошону менен катар делегация Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы аталган багыттар боюнча мындан аркы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыкты.
